Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-февралы № 1
Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан «Эне-Сай-Юг»СПАсына бериле турган техникалык кредиттин 50% ынын кайтарылышына Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн кепил болуусу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2017-жылдын 05-октябрындагы № 649-токтомунун шарттарына ылайык Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан «Эне-Сай-Юг»СПАсына бериле турган техникалык кредиттин 50%ынын кайтарылышына Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн кепил болуусуна макулдук берилсин.
2. «Эне-Сай-Юг»СПАсы тарабынан карыз ɵз убагында кайтарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2017-жылдын 05-октябрындагы № 649-токтомунун шарттарына ылайык айыл ɵкмɵтү карызды ɵз каражаттарынан тɵлɵйт.
3. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбекке Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги менен түзүлүүчү кепилдик келишимге кол коюга ыйгарым укук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)
5. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Атабаев)
Төрага | А. Беделов |