Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-февралы № 2
2017-жылдын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн эсеп счетунда калган 2568,0 миң.сом бош калдык акчаны бɵлүштүрүү жɵнүндɵ
«Кыргыз Республикасынын бюджети жɵнүндɵ» Мыйзамынын негизинде, Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин депутаттарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-жылдын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн эсеп счетунда 2018-жылдын 01-январына карата калган 2568,0 миң.сом бош калдык акча каражаты тɵмɵндɵгүчɵ бɵлүнсүн;
А) Башкаруу аппаратына 503,9 миң. сом
Б) Жайыт комитетине 39,0 миң.сом
В) Маданият тармагына 180,0 миң.сом
Г) Билим берүү тармагына 351,0 миң.сом
Д) Социалдык ɵнүгүүгɵ, 92,0 миң.сом
анын ичинен Атамбиева Перизатка
материалдык жардам кɵрсɵтүүгɵ 80,0 миң.сом
Ж) Балдар бакчасына кɵмүр сатып алууга 20,0 миң.сом
Е) Турак-жай, комуналдык кызмат тармагына 1382,1 миң.сом
Жалпы жыйынтыгы: 2568,0 миң.сом
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (С.Алдраков) тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |