Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-апрели № 1
Жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифтерин бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген «Жайыт пайдалануу үчүн акыны белгилɵɵнү тартиби жɵнүндɵгү» типтүү жобонун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылдын 01-январынан баштап Отуз-Адыр айыл аймагында жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифтери
бир баш кара мал үчүн 150 сом,
бир баш кой-эчки үчүн 30 сом,
бир баш жылкы үчүн 150 сом
ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
2. Чɵп чабык багытында иштетилген жайыт жерлер үчүн жайыт тɵлɵмү 1гектарына 500 сом ɵлчɵмүндɵ,ал эми чɵп чабыктан башка багытта иштетилген жайыт жерлер үчүн 1гектарына 1000 сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасы Мамасалиев Анжиянбайга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |