Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-апрели № 2
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ Палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бɵлүмү тарабынан 2016-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31- декабры мезгил ичинде Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгын кароо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ Палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бɵлүмү тарабына 2016-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31-декабры мезгил ичинде Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгын карап чыгып Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтү тарабынан 2016-жылы финансылык,чарбалык иштерди жүргүзүүдɵ кемчилдиктерге жол берилгендиги кɵңүлгɵ алынсын,бухгалтердик эсепте кетирилген кемчилдиктерге мындан ары жол берилбесин.
2. Мындан ары максатсыз чыгымдарга жол бербɵɵ Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы Атамбиева Гүлмирага милдеттендирилсин..
3. Айыл ɵкмɵтүнүн жер адистери Ураимов Сайфидин жана Калбаев Балтабайлар тарабынан айыл аймагындагы кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча келишимдер такталып,кошумча келишимдер түзүлүп,бүткɵрүлсүн.
4. Айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы Атамбиева Гульмира тарабынан , эмгек акын тɵлɵɵ Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» жɵнүндɵгү Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
6. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |