Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 67
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү боюнча Салам-Алик айылдык Кеӊешинин алтынчы чакырылышын кезектеги он экинчи сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Т.Чыбышевдин 2017-жылдагы аткарган иштери эске алынсын деп табылсын.
2. Салам-Алик Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 483875-00 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 483875-00 сомго бекитилсин.(тиркеме № 1).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Тойчубекова |