Редакцияот 23.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеӊешинин VI чакырылштагы кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 23-марты № 68

Салам-Алик айылдык кеӊешинин 2018- жылга иш-планын кабыл алуу жөнүндө

  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айыл кеӊешинин 2018-жылга иш-планынын долбоорун бекитүү боюнча айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы Нышанбаев Дүйшөбайдын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеӊешинин алтынчы чакырылыш кезектеги он экинчи сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Салам-Алик айылдык кеӊешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеӊешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тойчубекова