Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 69
Жайыт пайдалануучулардын акы төлөөсү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык Кеӊешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 65-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда :
Кой-эчкиге 13-00 сом;
Жылкыга 65-00 сом;
Кара малга 65-00 сом;
2. Райондун аймактарынан келген жайыт пайдалануучулар үчүн ар бир баш шарттуу малдын башына 125-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда:
Кой-эчкиге 25-00 сом;
Жылкыга 125-00 сом;
Кара малга 125-00 сом;
3. Малчы чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы:
Кара малга 300-00 сом;
Кой-эчкиге 70-00 сом;
4. Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
5. Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеёешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ж. Тойчубекова |