САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеӊешинин VI чакырылштагы кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 23-марты № 70
Салам-Алик айыл аймагында айдоо аянттарына жана чөп ормо жерлерге түшкөн мал ээлерине жазана салуу жана спирттик ичимдиктерин сатып жаткан майда камокторду тартипке келтирүү жөнүндө
Элдин жана депутаттардын суроо талаптарын эске алып Cалам-Алик айылдык кеӊешинин 6-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык элдин менчигиндеги үлүштүк жерлердеги айдоо аянттарына, чөп ормо жерлерге малдарын тебелетип жедиргендиги үчүн мал ээсине төмөндөгү жазана салуу тартиби киргизилсин:
Мал ээсине: бир баш кара мал үчүн 500-00 сом;
бир баш жылкы үчүн 500-00 сом;
бир баш кой-эчкиге 50-00 сом;
2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык бардык айылдагы спирт ичимдиктерин сатуучу магазиндер,майда күркөлөр кечки саат 22-00 дөн кийин жабылсын.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга, участкалык инспекторго тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кенешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тойчубекова |