САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеӊешинин VI чакырылштагы кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 23-марты № 71
Айыл аймагындагы ФАПтар жана Салам-Алик айылындагы үБДТнун маселеси жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Cалам-Алик айылдык кеӊешинин 6-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Терек айылындагы ФАПтын мамлекеттик актысын бүтүрүү, Ара-Көл ФАПнын ажатканасын куруу жана Салам-Алик /БДТнун какырык жыйноочу жай курууну пландап ишке ашырууну Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кызыл-Байрак айылына бала бакча ачуу боюнча депутат Т.Калыбековдун сунушу жана Кош-Этер айылына бала бакча ачуу боюнча депутат Б.Калматовдун сунуштарын карап чечип берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеӊешинин тиешелүү тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тойчубекова |