Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 72
Салам-Алик айылынын бала бакчасынын ремонт иштерин бүтүрүү, Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасы жана автоунаа жолдорунун бузулушу, оор жүк ташуучу унааларды убактылуу токтотуу жөнүндө
Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 119-сандуу катынын, “Өзгөн акыйкаты” адам укугун коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү уюмунун төрагасы Ж.Бөйпөевдин 2018-жылдын 19-мартындагы билдирүү катынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Cалам-Алик айыл кеӊешинин 6-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасынын печкаларын алмаштыруу, Салам-Алик айылындагы бала бакчанын ремонтун аягына чыгаруу боюнча документтик иштери тийиштүү органдардын көзөмөлүндө болгондугуна байланыштуу прокурордун тыянак чыгаруусунун негизинде иш алып барылсын.
2. Жолдун абалы, көмүр карьерлеринин экологияны бузуусу, көмүр кендеринин салыктарды аз төлөөсү, көмүр кен ишканалары менен ДЭП-5 жол тейлөө ишканасы жолдорду кезег менен ремонттосу, 1-марттан 31-майга чейин оор жүк ташыган автоунааларды убактылуу токтотуу боюнча тиешелүү уюмдарга Салам-Алик айылдык кеӊешинин атынан каттар, кайрылуулар жөнөтүлсүн.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеӊешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Тойчубекова |