Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-апрели №20/1
Кабылан-Көл айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жерге жайгаштыруу “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институтунун калктуу конуштарынын чек арасын тактоо жөнүндө Кабылан-Көл айылдык кенешинин 20-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту иштеп чыккан Кара-Жыгач, Курулуш, Кабылан-Көл, Күңгөй айылдары боюнча Кабылан-Көл айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын аныктап тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Т.Камиловго милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |