Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы №21/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесинин негизинде, ошондой эле “ Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4- беренесине ылайык жана элдик чогулуштардын протоколунун негизинде жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV- чакырылышынын кезексиз ХХI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн мал жандыктарын жайытка жайгаштыруу, элди жайлоого убагында көчүрүү жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин коруганга кароолдор шайлансын.
2. Жайлоого чыкпай кыштоодо калып , бирөогө малын бербей санын саап, бирөөлөрдүн малын алып багып отургандар үчүн жана жайлоого чыгышка шарты бар туруп, жайлоого чыкпай койгон жарандарга чара көрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |