Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну №22/1
Калктын саламаттыгын сактоодо жана айыл ичиндеги санэпидемиологиялык тазалыктардын сакталышы боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлердин иштеринин аткарылышы жөнүндө
Калктын саламаттыгын сактоодо жана айыл ичиндеги санэпидемиологиялык тазалыктардын сакталышы боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлердин иштеринин аткарылышы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калктын саламаттыгын сактоодо жана айыл ичиндеги санэпидемиологиялык тазалыктардын сакталышы боюнча иш алып баруу айылдык эмкананын медицина кызматкерлерине милдеттендирилсин.
2. Айылдык эмканадагы медицина кызматкерлери тарабынан калктын саламаттыгын сактоодо, жугуштуу оорулардын алдын алууда, кош бойлуулуктун коркунучтуу белгилери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Кургак учук боюнча учетто турган жарандарга иче турган дарылары үзгүлтүксүз берилип турсун жана 1-жардамга муктаж адамдарга оорунун түрүнө карабастан бекер жардам берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Кадыркулов |