Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну №22/3
Айыл аймагындагы турак жай салууга жарактуу жерлерди трансформациялоо жөнүндө
Айыл аймагындагы турак жай салууга жарактуу жерлерди документтештирүү жана жарандарга жер чектеп берүү жөнүндөгү келип түшкөн арыздарды канааттандыруу боюнча талкуулап Кабылан–Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Турак жай салуу үчүн жер сурап кайрылган жарандардын арыздарын карап, Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү трансформация боло турган төмөндөгү жерлер: Кара-Жыгач айылынын Көп-Кыштоо участкасынан 7га, Кабылан-Көл айылынын Ак-Талаа участкасынан 4 га, Курулуш айылынын Курулуш участкасынан 5 га, Курулуш айылынын Сай участкасынан 15 га, Күңгөй айылынын Саз участкасынан 2 га, Курулуш айылынан таштанды таштоо үчүн 0,10га жер аянттарын трансформация кылынсын.
2. Трансформация кылуу үчүн тиешелүү мекемелерге: райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына , райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, райондук экотехинспекциясына жана ГПИ Кыргыз гипрозем институтунун Ош филиалына билдирүүлөр берилсин.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү трансформация боло турган жерлерди документештирүү боюнча иш аракеттерди өз убагында аткаруу жер адиси С.Сактановго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |