Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу №24/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча иштөөнүн абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча иштөөнүн абалы жөнүндө Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши, Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча аткарган иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен бир топ иштер алып барылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча мындан ары алгылыктуу иш аракеттерди алып баруу Аксакалдар сотунун төрагасы Д.Касымбековго, Аялдар кенешинин төрайымы З.Абдыкадыровага жана жаштар комитетинин төрагасы С.Сактановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |