Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу №24/2
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү № 25 Э. Мурзаев атындагы орто мктебинин жана Күңгөй баштооч мектебинин жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин жана Күңгөй баштооч мектебинин жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын жаны 2017-2018- окуу жылына карата даярдыгы айрым кемчиликтерди эске алуу менен окуу жылына даяр деп белгиленсин.
2. Аталган мектептердин кышка карата даярдыктары боюнча камкордуктарды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго жана мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго, көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |