Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры №26/1
Кабылан – Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 12 айынын сметасынын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловдун билдирүүсүн угуп, бюджеттик комиссия талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 26-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн төмөндөгү 2017-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын төлөмдөрдүн түрлөрүнө такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
№ | Беренелердин аталышы | Берене | Баардыгы | 4-квартал | |
Көбөйтүү | Азайтуу | ||||
1 | Жайыттарды пайдалануу үчүн акы | 2215 | 48,6 | 48,6 |
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
| 48,6 | 48,6 |
|
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын төмөнкү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Баардыгы | 4-квартал | |
Көбөйтүү | Азайтуу | |||||
70429 | экон.суроо | Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу | 2215 | 48,6 | 48,6 |
|
| Бардыгы |
|
| 48,6 | 48,6 |
|
3. Жогорудагы акча каражатын 2017-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Т. Камиловго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Сагынбаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |