Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры №27/4
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт акысынын баасын бекитүү жана жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4- беренесине ылайык жана элдик чогулуштардын протоколунун негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV- чакырылышынын 27-заседаниеси жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
2018- жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири мүйүздүү малдар - бир баш үчүн 50 сом;
кой-эчкилер - бир баш үчүн 10 сом;
жылкылар-бир баш үчүн 50сом;
сырттан келген ири мүйүздүү малдарга жайкы сезон үчүн-бир баш малга 200 сом;
сырттан келген кой - эчкилерге-бир баш үчүн 50 сом;
2018-жылга аткарылуучу план 100 000 (жүз мин) сом.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланулуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго көзөмөлдөө жагы жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |