ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2017-жылдын 7-июлу № 2/1
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Жоош айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын 2017- жылдын 7- июлундагы протоколу бекитилсин.
2. 2017-жыл 7-июлундагы эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Тиллабаев Жылдызбек Абытович шайланды.
Төрага | П. Жакыпов |