Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 3/1
Жоош айылдык кеңешинин регламентин өзгөртүүлөрү менен бекитүү жөнүндө
Жоош айылдык Кенешинин 17.06.2017-ж. откорулгон 1-сессиясында депутаттардан регламентке оргортуу киргизуу боюнча тузулгон комиссиянын сунуштарын карап жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги III -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кеңешинин регламенти сунушталган озгортуулору менен бекитилсин (тиркеме тиркелет).
Төрага | П. Жакыпов |
Жоош айылдык округдун кенешинин
кезектеги 1-сессиясынын (6-шайланган)
№ 1 токтому менен 17.06.2017-ж бекитилген
Жоош айылдык округдун кеӊешинин Регламенти
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
Жоош айылдык округдун кеңеши
2- Глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин компетенциясы
II БӨЛҮК
3-Глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары
4- Глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин катчысы
5- Глава
Жоош айылдык округдун кенешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары
III БӨЛҮК
Жоош айылдык округдун кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
6- Глава
Жоош айылдык округдун кенешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
7- Глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
IV БӨЛҮК
Жоош айылдык округдун кеңешинин Регламенти
8- Глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
1.1. Жоош айылдык округдун кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Жоош айылдык округдун кеңешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарнын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айыл округунун кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Жоош айылдык округдун кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Жоош айылдык округдун кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Жоош айылдык округдун кенешинин компетенциясы
Жоош айылдык округдун кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обөекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) Депуттатардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
9) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
10) администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
11) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12) жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;
13) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
14) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
15) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу учүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
16) айылдык округ башчысын шайлоо;
17) тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
18) Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
19) жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
1.3. Жоош айылдык округдун кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.4. Жоош айылдык округдун кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
II Бөлүк
Жоош айылдык округдун кеңешинин төрөгасы жана орун басары
3-Глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары
3.1. Жоош айылдык округдун кеңешинин төрөгасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык округ кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык округ кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Жоош айылдык округдун кеңешинин төрагасы:
Кеңеш сессиясын чакырат;
Сессияга төрагалык кылат;
Жоош айылдык округдун кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Жоош айылдык округдун кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Жоош айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары.
Жоош айылдык округдун кеңешинин төрөгасынын орун басарына талапкерди төрөга тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрөгасынын орун басары төрөганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себелтер менен аткара албай калган учурда, төрөганын милдетин аткарат.
3.5. Кенештин төрөгасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кенештин төрөгасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.1-Глава
Айылдык округдун башчысын шайлоо айылдык Кенештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби
3.1-1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кенешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (мындан ары – аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.1-2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде тиешелүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса болуп өттү деп эсептелет. Тиешелүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
3.1-3. Айылдык округдун башчысына талапкерлерди сунуштаган айылдык Кенештин депутаттары же депутаты шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбей аймактын шайлоо комиссиясына төмөндөгү документтерди сунуштайт:
1. айылдык округтун башчылыгына талапкерди көрсөтүү жөнүндөгү айылдык кенештин чечими
2. талапкердин айылдык округдун башчысы кызматына шайлоого катышууга макулдук арызы
3. талапкердин өмүр баяны
4. адистерди каттоого алуу боюнча сүрөтү жабыштырылган өздүк баракчасы (личный листок по учету кадров)
5. нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмөсү
6. нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку билими жөнүндөгү дипломдун
көчүрсөмү.
4-Глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин катчысы
4.1. Жоош айылдык округдун кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округдун жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Жоош айылдык округдун кеңешинин катчысы:
Жоош айылдык округдун кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
Жоош айылдык округдун кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
Жоош айылдык округ кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
Жоош айыл округдун кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат; Сессиянын откоруло турган куну жана жери туураалуу маалыматты депутаттарга 5 кун алдына кабарлайт;
Депутаттарга сессиянын кун тартибинде каралуучу керектуу документтердин баары менен камсыздайт;
Жоош айылдык округдун кеңешинин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
Жоош айылдык округдун кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5-Глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1. Жоош айылдык округдун кеңешинин кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Жоош айыл округдун кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Жоош айылдык округдун кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III БӨЛҮК
Жоош айылдык округдун кеңешинин ишинин жалпы тартиби
6-глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби
6.1. Жоош айылдык округдун кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Жоош айылдык округдун кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Жоош айылдык округдун кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Жоош айылдык округдун кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. Жоош айылдык округдун кеңешинин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Жоош айылдык округдун кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Жоош айылдык округдун кеңешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүрүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык округдун кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
6.9. Сессияга себепсиз 3 жолу катышпай калган депутаттын мандатын алуу боюнча сунушту сессияга коюп, чечим кабыл алып, аймактык шайлоо комиссияга мандатын алып беруу боюнча сунуштайт.
7-глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
7.1. Жоош айылдык округдун кеңешинин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Жоош айылдык округдун кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
7.3. Жоош айылдык округдун кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Жоош айылдык округдун кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Жоош айылдык округдун кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
IV БӨЛҮК
Жоош айылдык округдун кеңешинин Регламенти
8-глава
Жоош айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
8.1. Жоош айылдык округдун кеңешинин иш Регламентин, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңешинин жана шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.5. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.