Загрузка документа…
БАШ-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-декабры № 7/1
Баш-Дөбө айыл аймагынын 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2019-2020-жылдарга проектисин кароо жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2019-2020-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кенешинин бюджет. финансы. салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери жана чыгашалары 10690,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрүнө ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 100,700 миң сом өлчөмүндө бекитилсин .
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2017-18-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы.социалдык фондко чегерүү. Тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүү), коммуналдык кызматтар (электр энергия. көмүр. суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
6. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
7. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүү субьектилер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынсын.
9. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2017-жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Эргешбаев |