Загрузка документа…
БАШ-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-декабры № 7/4
Кашка-Терек айылынын тургуну Сатиев Сабыржандын арызы жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашка-Терек айылынын тургуну Сатиев Сабыржан айыл аймагында элдин керектөөсүн канааттандыруу максатында жана айыл бюджетине кошумча салык менен толуктоо максатында эл керектөөчү курулуш материалдарын, пластикалык эшик рамдарды жасоодо тургундардын алыскы жолун кыскартып айыл аймагына база куруу максатында жер участогун бөлүп берүү боюнча арызын карап талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагынын Кашка-Терек айылынын тургуну С Сатиевдин арызы боюнча айыл аймагынан жер участкасын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү боюнча инвестиция тартууда жана ишкелерди колдоодо такай иш алынып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эргешбаев |