Загрузка документа…
БАШ-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-декабры № 7/5
Баш-Дөбө айыл аймагынын Кенеш айылынын тургуну Аданов Арапбайга “ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Кырман айылынын тургундарынын 2015-жылдын 06-ноябрындагы жааматтык жыйналышынын токтомунун негизинде Кенеш айылынын тургуну Аданов Арапбайга айылдык Кеңешинин “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айылдык аймагындагы Кенеш айылынын тургундарынын Аданов Арапбайга айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча токтому бекитилсин.
2. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кенеш айылынын тургуну Аданов Арапбай Баш-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эргешбаев |