Загрузка документа…
БАШ-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу № 5/4
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жашоочуларына уй куруу үчүн жер участокторун ажыратып берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги VI-чакырылышынын V сессиясы, айыл өкмөттүн Кеңеш, Кызыл-Кырман, Кашка-Терек айыл башчыларынын, айыл тургундарына уй куруу үчүн жер участокторун ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун карап төмөндөгүлөрдү аныктадык. Азыркы учурда айыл өкмөттүн аймагында уй куруу үчүн участок сурап арыз жазгандардын саны 600 ашуун экендигин аныкталды ошол эле учурда сугат жер аянттарына мораторий жарыялангандыгын билебиз.
Жогорку арыздануучулардын мүдөөсүн аткаруу максатында Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги VI-чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашка-Терек айылынан 4.26 га кайрак жер аянтынын, Кызыл-Кырман айылынан 5,87 га жайыт жер аянтынын, Көк-Таш участогунан 20 га жайыт жер аянтынын жалпы аянтынын 30 га жер аянты уй куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Тийиштүү өлчөмдөгү жерди бөлүп берүү документтерин даярдоо иштери Өзгөн райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнө жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каргоо башкармасынан суралсын.
3. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана айылдык Кеңештин жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Эргешбаев |