Загрузка документа…
БАШ-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 6/3
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө ПРООН тарабынан түшкөн акча каражаты жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга ПРООН тарабынан Кашка-Терек айылынын “Жаңы-Жол” балдар бакчасына санитария боюнча жана Кеңеш айылынын таза суу скважинасына талапка ылайык санитардык проектисине ПРООН тарабынан бөлүнгөн акча каражатын иштетүү максатында Баш-Дөбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга ПРООН тарабынан Кашка-Терек айылынын “Жаңы-Жол” балдар бакчасына 342 404 (үч жүз кырк эки миң төрт жүз төрт) сом жана Кеңеш айылынын таза суу скважинасына 342 575 (үч жүз кырк эки миң беш жүз жетимиш беш) сом бөлүнгөн акча каражаттары жумшалсын.
2. Жогоруда аталган проектилерге айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салымы Кашка-Терек айылынын проектисине 160 774 (бир жүз алтымыш миң жети жүз жетимиш төрт) сом ал эми Кеңеш айылынын проектисине 230 279 (эки жүз отуз миң эки жүз жетимиш тогуз) сом акча каражаттары тендерге берилип керектүү жерге жумшалсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
|
|
| ||
Төрага |
Т. Эргешбаев |
| ||