Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 10-1
Ош шаарындагы таштандыларды таштоочу полигон куруу үчүн 29,8 га жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы Ак-терек участкасынан Ош шаарындагы таштандыларды таштоочу полигон куруу үчүн 29,8 га жер участогун бөлүп берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагындагы Ак-терек участкасынан Ош шаарындагы таштандыларды таштоочу полигон куруу үчүн 29,8 га жер участогун бөлүп берүү тууралуу маселе айыл аймагына эч кандай пайда алып келбегендигин жана элдин үлүш жери болгондуктан элдин пикирин эске алуу менен колдоого алынбасын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага Абдибает уулу М.