Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 10-2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин кеңсе менен камсыз кылуу үчүн имарат салууга жер ажыратып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы социалдык объект болуп эсептелинген айылдык маданият үйүнүн имараты Кеңеш айыл өкмөтүнүн кеңсеси катары пайдаланып келинген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 29-декабрындагы 01-90-19983 сандуу тапшырмасында социалдык объектилердин имараттарында жайгашкан мамлекеттик мекеме-уюмдарды чыгаруу каралгандыгын эске алуу менен жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык маданият үйүнүн имаратын бошотуп, Кеңеш айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин кеңсе менен камсыз кылуу үчүн имарат салууга маданият үйүнүн түндүк-чыгыш тарабындагы жер участогунан 2000,0 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
2. Жерди тактап тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага Абдибает уулу М.