Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеӊеш айыл аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 3-апрели № 10-2
Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга карата алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүнүн графигин бекитип берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга карата алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүнүн графигин бекитип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 5-пунктунун 5-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга карата алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүнүн графиги төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин. 01-марттан 25-апрелге чейин Ак-терек, Как жана Кара-таш жайыттарына; 26-апрелден 01-июнга чейин Чегеден, Суу-Дөбө жана Көк-Дөбө жайыттарына; 02-июндан 30-сентябрга чейин Катта-Суу, Ничке-Суу жана Кууганды жайлоолоруна.
2. Бекитилген графикти сактабаган мал багуучуларга төмөндөгүдөй айып пул салынсын: 1 баш кара малга 500 сом, 1 баш жылкыга 1000 сом, 1 баш койго 100 сом, 1 баш эчкиге 200 сом.
3. Чет жактан келген малдардан бир айына кара малга 200 сом, жылкыга 200 сом, койго 50 сом, эчкиге 50 сом жайыт салыгы алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Карыбеков Нурланга жүктөлсүн.
Төрага Абдибает уулу М.