Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеӊеш айыл аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 11-3
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап Айылдык кеңештин Типтүү Регламентинин 3-бөлүмүндөгү айылдык
кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)
2. Иш-планда кабыл алынган маселелер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Абдибает уулу М.
2018-жылдын 13-апрелиндеги
кезектеги он биринчи сессиясынын
№ 11-3-токтомуна тиркеме.
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн
иш планы
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну. | мөөнөтү | Ким даярдайт жана аткарууга жооптуулар. |
1.
2. 3.
| Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2017-жылдагы аткарылышы жана 2018-жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету Айылдык кеңештин иш-планын бекитүү. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдагы аткарылышы, 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020 -жылдарга карата бюджеттин божомолун бекитүү. ФЭБнүн башчысы Мадраимовдун доклады жана бюджет боюнча туруктуу комисиянын билдирүүсү. |
I чейрек. 2018-жыл. | Ташполот уулу Б
Абдибает уулу М ФЭБнүн башчысы Мадраимов А Бюджет боюнча туруктуу комиссия.
|
1.
| Айыл аймагынын уставын бекитүү жана айылдык кеңеш тарабынан чыгарылган токтомдорунун аткарылышынын абалы тууралуу. | II чейрек.
| Абдибает уулу М Шадыбекова А |
1.
| Алты айлык бюджеттин аткарылышы, мамлекеттик сатып алуулар боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы | III чейрек.
| Мадраимов А Кудайназаров Н Айтматов К. |
1. | Айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн 9 айлык жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттер. | IV чейрек. | Масаипов А Мадраимов А |
1.
2.
3. 4.
5.
6 | Уюштуруу иштери боюнча: Даталуу күндөрдү белгилөө жана айыл айылдарга иш-чараларды түзүү. Шайлоочулар менен депутаттардын жолугушууларын жана отчетторду айылдар боюнча уюштуруу. Депутаттардын окууларын уюштуруу. Депутаттардын кабыл алуусун уюштуруу, графигин түзүү. Айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте айылдардагы көйгөйлүү маселелерди иликтөө, чечүү жолдорун издөө. Арыз-даттануулар, келген каттар менен иштөө. |
убагында
убагында
Чейрек сайын
дайыма
дайыма |
Айыл башчылар, аппарат кызматкерлери Айылдык кеңештин депутаттары.
Абдибает уулу М Жооптуу катчы.
Депутаттар
Депутаттар. |
Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Шадыбекова А.П.