Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеӊеш айыл аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 11-4
Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Элдердин мал-жандыктарын тейлеп, мал-жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана ооруган малдарга дарылоо боюнча көрсөтүлүүчү жеке менчик ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтүү боюнча Ноокат райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын сунуштап жаткан кызмат акыларды талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Элдердин мал-жандыктарын тейлеп, мал-жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана ооруган малдарга дарылоо боюнча ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын жер-жерлерге таркатуу жагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачы З.Калдаровко жана айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.
Төрага Абдибает уулу М.
2018-жылдын 13-апрелиндеги
кезектеги он биринчи сессиясынын
№ 11-4-токтомуна тиркеме.
Ноокат райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын көзөмөлүндө туруучу субъектердин жана жеке менчик ветеринардык сервистердин элге кызмат көрсөтүүнүн баасы.
№ | Кызматтын түрү | кызмат акысы (сом) |
| Жаныбарларды клиникалык кароодон өткөрүү жеринде (бир башка) |
|
1 | Жылкы кара мал | 20.00 |
2 | Кой-эчки | 10.00 |
3 | Ит-мышык | 10.00 |
4 | Коен, тоок, аары(бир ящик уюгу) | 10.00 |
| Чет жактан келген үй жаныбарларын клиникалык текшерүүдөн өткөрүү (бир башка) |
|
1 | Жылкы кара мал | 50.00 |
2 | Кой-эчки | 30.00 |
3 | Ит-мышык | 30.00 |
4 | Аары(бир ящик уюгу) | 30.00 |
| Башка райондордон, областардан алынып келинген үй жаныбарларын клиникалык текшерүүдөн өткөрүү (бир башка) |
|
1 | Жылкы кара мал | 50.00 |
2 | Кой-эчки | 30.00 |
3 | Ит-мышык | 20.00 |
4 | Аары(бир ящик уюгу) | 30.00 |
5 | Үй-канаттуулары | 5.00 |
| Ветеринардык жолдомо документтердин берилиши (бир башка) |
|
1 | Форма № 4 (бир бланка үчүн) | 10.00 |
| Айыл чарба жаныбарларын соердун алдынан жана сойгондон кийин текшерүү. (бир башка) |
|
1 | Жылкы, кара-мал | 100.00 |
2 | Майда жандыктар | 50-00 |
3 | Коен, тоок | 20-00 |
| Аргасыздан союлган малдарды ветеринардык текшерүү менен жолдомо документ берүү. |
|
1 | ИИМдын эти, жылкы (бир тушу) | 200-00 |
2 | Майда жандыктар(бир тушу) | 150-00 |
3 | Коен, тоок (бир башка) | 50-00 |
| Сүт, сүт азыктарына вет-дык текшерүү м-н жолдомо документ берүү | (бир башка) |
1 | Жылкы, кара-мал | 200.00 |
2 | Майда жандыктар | 50-00 |
3 | Жумуртка (жүз даана) | 30-00 |
4 | Бал (элүү кг) | 100-00 |
5 | Тери кара мал, жылкы (бир даана) | 50-00 |
6 | Майда жандыктардын териси (бир даана) | 50-00 |
7 | Жүн (бир кип) | 100-00 |
| Ветеринардык врачтарды үйгө чакыруу | 100-00 |
| Ветеринардык-санитардык жол менен багуу боюнча консультация берүү. |
|
1 | Жылкы, кара-мал | 100.00 |
2 | Майда жандыктар | 50-00 |
| Ветеринардык диагностикалык изилдөө өткөрүү |
|
1 | Малдардын сийдигинен проба алып текшертип берүү | 40-00 |
2 | Малдардын канынан проба алып текшертип берүү | 50-00 |
3 | Малдардын кыгынан проба алып текшертип берүү | 40-00 |
4 | Малдын бооздугун аныктоо | 300-00 |
5 | Карынга зонд салуу | 300-00 |
6 | Өлгөн жаныбарларды пат-анатомия текшерүүдөн өткөрүү жана аныктама берүү. | 350-00 |
| Дарылоо ыкмалары |
|
1 | Эмдөө жылкы кара мал | 50-00 |
2 | Эмдөө майда жандык | 20-00 |
3 | Кан тамырга дары куюуу | 100-00 |
4 | Дарыны ооз аркылуу берүү | 50-00 |
5 | Новокаин менен оорууларга тоскоолдук кылуу (блокада) | 100-00 |
6 | Магниттик зонду ашказанга киргизүү | 150-00 |
7 | Итти эмдөө | 500-00 |
8 | Буу менен дарылоо (ингаляция) | 100-00 |
9 | Жылытуучу компрестөө | 50-00 |
10 | Тоокторду эмдөө | 10-00 |
11 | Дарыны тобу менен ичирүү (тоокторго) | 10-00 |
| Хирургия |
|
1 | Ачык жараны дарылоо | 100-00 |
2 | Ириңдеген жараны дарылоо | 100-00 |
3 | Опухолдорду дарылоо | 200-00 |
4 | Сыныктарды таңуу (шакшак) | 200-00 |
5 | Иттердин кулагын, куйругун кыркуу | 100-00 |
6 | Козулардын куйругун кыркуу | 30-00 |
7 | Кара малга, жылкыга табарсыкка катетир салуу | 100-00 |
8 | Ич көпкөндү жаруу | 300-00 |
9 | Ириңди алуу | 300-00 |
10 | Жылкынын туягын тазалоо. Табро басуу | 200-00 |
11 | Ашказанды дарылоо | 300-00 |
12 | Козу-улактарды бычуу | 50-00 |
| Акушерство и гникология |
|
1 | Туутка жардам берүү | 300-00 |
2 | Жатынга операция жасоо | 1000-00 |
3 | Малдардын чөбүн түшүрүү (эши) | 300-00 |
4 | Туугандан кийинки шал оорусун дарылоо | 500-00 |
5 | Жатыны түшкөнгө жардам көрсөтүү | 500-00 |
6 | Малдардын желин оорусун даарылоо | 300-00 |
| Короо-сарайларды жугушсуздандыруу |
|
1 | Алдын-ала мал базарды, короо сарайды дарылоо(профилактика) | Келишим баада |
2 | Ылаң чыккан мезгилде заласыздандыруу | Айыл өкмөтү |
3 | Кой-эчкилерди чөмүлдүрүү. | 10-00 |
Эскертүү: 1.мамлекет камсыз кылбаган дарылоо жана эмдөө үчүн колдонулган даарынын акысын мал ээсинин же буйрутма берүүчү тараптын эсебинен төлөнөт.
2.Кызмат көрсөтүү баасы келишимдин негизинде вет.врачтын жана жергиликтүү бийликтин макулдугу менен өзгөрүп кетүүсү мүмкүн.
Жооптуу катчы Шадыбекова А.П.