Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеӊеш айыл аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 11-5
“АРИС” долбоору аркылуу Арбын айылына курулуучу ветеринардык сервиске жер ажыратып берүү жөнүндө
“АРИС” долбоору аркылуу Арбын айылына курулуучу Ветеринардык сервиске жер ажыратып берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арбын айылындагы калктуу конушта жайгашкан социалдык объектилер үчүн ажыратылган 80 сотых жер муниципалдык менчикке алынсын жана анын ичинен ветеринардык сервис салууга ылайык жерди тактап, ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага Абдибает уулу М.