Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеӊеш айыл аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 11-6
Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө
Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы тууралуу маселени угуп жана талкуулап талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 12-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-октябрындагы кабыл алынган № 7-2 сандуу токтомунда берилген тапшырма айыл өкмөтү тарабынан толук кандуу аткарылбагандыгы белгиленсин.
2. Куу-майдан айылынын тургуну Апсатаров Жуман ажынын ээлеп алган жерин тартып, өзүнө тиешелүү жерин тактап, бир айлык мөөнөт менен жыйынтыгын жазуу жүзүндө билдирүү берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага Абдибает уулу М.