Загрузка документа…
БАШ-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2018-жылдын 7-февралы № 8/1
Баш-Дөбө айыл аймагындагы Өзгөн участкасынын башчысынын Б. Хайдаралиевдин билдирүүсү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында Өзгөн шаарына жакын жерлердеги сугат жана айыл чарба багытында аренда жерлери бар. Аталган жерлерге жер участогунан Өзгөн, Кеңеш жолундагы арендага берилген жерден райондук архитектуранын өкүлү тарабынан мыйзамсыз жер участкасын тартып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн Өзгөн участкасынын айыл башчысы Б. Хайдаралиевдин айылдык Кеңештин депутаттарына кайрылуусу боюнча ошол жер участкаларынын мыйзамдуулугун тактаганга чейин жерди тартып берүүгө райондук архитектура башкармалыгына убактылуу токтотууга уруксат берүү боюнча сунушун талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз VIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн участкасынын айыл башчысы Б. Хайдаралиевдин билдирүүсү боюнча маселени чечүү үчүн айылдык Кеңештин сессиясынын атынан Жогорку органдарга кат менен кайрылуу жагы бекитилсин.
2. Жогорудагы маселе боюнча жогорку органдарга кат жүзүндө кайрылуу жана маалымат берүү үчүн айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Т. Эргешбаев