Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № VIII-2
Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 281 , 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомунун 3-бөлүмүнүн 8-тиркемесине, 2010-жылдагы жана андан кийинки чыккан токтомдорго, мыйзамдарга ылайык Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларынын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттарын ажыратуу максатында Найман айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө 65 000 (алтымыш беш мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Найман айыл өкмөтүндөгү социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн иш-чаралар менен иш алып баруу жагы Найман айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси Н.Балтабаевага жана ажыратылган акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеёешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |