Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 35/9
Кара-Дыйкан айылындагы М. Самидин көчөсүнүн этек жагына ат кою жөнүндө
Жазы айылдык Кеңеши кезектеги IХ сессиясы Кара-Дыйкан айылынын жергиликтүү жамаатынын 2017-жылдын 17-декабрындагы “Кара-Дыйкан айылынын жаңы чектеги элдик жыйындын эмгектин ардагери маркум Айтбаев Аваздын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколун жана керектүү документтерди карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Дыйкан айылындагы М.Самидин көчөсүнүн этек жагы Эрмаматов Маматжакыпдын үйүнөн баштап Өзгөн-Зергер авто жолуна чейин эмгектин ардагери маркум Айтбаев Аваздын ысымы ыйгарылсын.
2. Айтбаевдардын үй-бүлөсүнө көчөнүн атын жана үйлөрдүн номерлерин жаздырып илдирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана диний маселелер боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматов |