Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июну № V-1
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштерин бекитүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап , Найман айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын(тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеӊешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
Найман айылдык кеӊешинин
VI чакырылышы кезектеги V сессиясынын
V-1 токтомуна тиркеме
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө
МААЛЫМАТЫ
Урматтуу, Найман айыл өкмөтүнүн тургундары,коноктор!
2017-жылдын 6 айында айыл аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында бир топ иштер аткарылууда.Атап айтканда, 2017-жылдын 6 айында салык жана салык эмес жыйымдарга жеткирилген жалпы тапшырма 965,3 мин сом болсо, иш жүзүндө 987,1 мин сомго аткарылып, жеткирилген тапшырмадан 21,8 мин сомго көп жыйналган.
2017-жылдын Iжарым жылында айыл аймакта жалпысы 74,2 мин сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, өсүү көрсөткүчү 88 пайызды түздү.Өнөр жай продукцияларын өндүрүү боюнча өсүү темп аткарылбады.ОсОО “Огнеупор” ишканасынын жетекчисинин өтүп кеткендигине байланыштуу, ишкананы караган адам жок болуп, ишкана банкротко учурап, азыркы убакта иштебей токтоп турат.
Айыл аймакта өнөр жай ишкана ачуу багытында 2017-жылга 1 өнөр жай ишканасын жана 1 тигүү цехин ачуу пландаштырылып, ОсОО “Аман-Ата” ишканасында ЖБИ заводун куруу иштери жүргүзүлүп жатат жана кичи тигүү цех ачуу алдында турат.2017-жылдын I кварталында жалпы инвестиция тартылган акча каражаты 3300,0 мин сомду түзгөн.
Айыл аймакта республикалык бюджеттин эсебинен түрткү берүүчү грантка 2679,599 мин сомдук «Улуу Тоо» толук эмес орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоору жактырылып, республикалык комиссиянын кароосуна жиберилип, кароодон жактырылды жана жакында ремонт иштери башталуу алдында турат.
2017-жылдын жарым жылдыгында айыл аймакта социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноо жана пенсияларды төлөө багытында бир топ иштер аткарылган.
2017-жылдын 1-июлуна айыл аймак боюнча пенсионерлердин саны 96 адамды түзүп, пенсия төлөө үчүн бир айлык керектелүүчү сумма 509,4 мин сомду түзүп, бир жылда 6500,3мин сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө аба-ырайынын тез өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу оруп жыйноо иштери кечигүүдө, бирок 50 га жер аянтында эгилген буудай, арпа жыйналып жатат.
2016-2017-окуу жылында Найман айыл өкмөтүндө 460 окуучу билим тарбия алып жатышат.Окуу жылынын аягында 11-классты ийгиликтүү аяктаган жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтүү тапшырган 17 окуучу “Орто билими жөнүндө аттестат”, 9-классты ийгиликтүү аяктаган жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтүү тапшырган 38окуучу “Толук эмес орто билими жөнүндө күбөлүк” алышса, алардын ичинен көпчүлүгү жогорку окуу жайга кирип билми алуусун улантууда.
2017-жылдын I жарым жылдыгында Найман айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча УБДТ № 18 Найман айыл өкмөтүндөгү жарандарына жардам көрсөтүүдө.
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөк пул 2017-жылдын жарым жылдыгында 40 үй-бүлөгө дайындалган(жалпы кожолуктарга салыштырганда 11% түзөт). Дайындалган жөлөк пулдун бир айлык керектелүүчү суммасы 80,0мин сомду түзөт.
Ушуну менен менин докладым аяктады, көӊүл бурганыӊыздар үчүн рахмат!
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Шамаева