Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июну № V-4
Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-2019-2020-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2016-жылдын 29-декабрындагы № 213-П буйругун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 30-майындагы № 14-02-2/5930 катын, Ноокат райондук финансы бөлүмүнүн 2017-жылдын 5-июнундагы №20 «2018-2020-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун даярдоо боюнча» катын аткарууга алуу максатында Найман айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардан келип түшкөн расчеттордун негизинде айыл өкмөттүн бюджетинин 2018-2020-жылдарга иштелип чыккан бюджетинин болжолу жактырылсын (тиркелет).
2. Жактырылган бюджеттин долбоорунун негизинде иш алып баруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча иштерди аткаруу Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |