Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-ноябры № VI-5
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштерин бекитүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап, Найман айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын(тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеӊешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
Найман айылдык кеӊешинин VI чакырылышы кезектеги
VI сессиясынын VI-1 токтомуна тиркеме
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө
МААЛЫМАТЫ
Урматтуу, Найман айыл өкмөтүнүн тургундары,коноктор!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин “2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу жөнүндөгү” № 03 сандуу токтомун аткаруу боюнча иштер алынып барылып, натыйжада 2017-жылдын 9 айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында бир топ иштер аткарылды.
2017-жылдын 9 айында салык жана салык эмес жыйымдарга жеткирилген жалпы план тапшырма 2039,8 мин сом болсо, иш жүзүндө 1901,6 мин сомду түзүп, тапшырма 93,2 % аткарылып, жеткирилген тапшырмадан 138,2 мин сомго аз жыйналган.
Анын ичинен жергиликтүү бюджетке чегерүү 4127,7мин сомго план жеткирилген болсо, иш жүзүндө 3989,5 мин сомду түзүп, план тапшырмадан 138,2 мин сомго аз аткарылган. Өсүү темпи 96,7% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 28,0 мин сомго аз жыйналган.
Айыл аймакта өнөр жай ишканаларын ачуу багытында, 2017-жылга 1 өнөр жай ишканасын ачуу пландаштырылса, бир кичи тигүү цех ачылды.
Капиталдык салымдар боюнча 2017-жылга каралган акча каражаты 1 млр 246 млн 696 мин сом болсо, 2017-жылдын 9 айында жалпы тартылган капиталдык салымдар 375 млн 028,0 миӊ сомду түздү. Жалпы 100 долбоор ишке ашып, 81 имарат быйылкы жылы пайланууга берилсе, калган 19 имарат кийинки жылга өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Республикалык бюджеттин эсебинен сметалык баасы 576 млн 980 мин сом түзгөн курулуш имараттарга 2017-жылдын 9 айына 97 млн 572 мин сом берилди, 13 обьект быйыл бүтүрүп пайдаланууга берилсе, 6 обьект кийинки жылга өткөрүлөт.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен сметалык баасы 136 млн 349 мин сомдук курулуш иштерине азыркы күнгө 40 млн 685 мин сом жумшалып, жыл аягына чейин 27 обьект пайдаланууга берилсе, 3 обьект кийинки жылга өткөрүлөт.
Дем берүүчү гранттардын эсебинен курулуп жаткан сметалык баасы 1 млн 961 мин сомдук имарат 1млн 875 мин сом жумшалып, жакында обьект ишке берилет.
Райондун аймагындагы жеке жарандар тарабынан курулуп жаткан имараттардын сметалык баасы 3 млн 035 мин сомду түзсө, 2017-жылдын 9 айында 1 млн 085 мин сом акча каражаты жумшалды. Анын эсебинен 1 имарат жыл аягына чейин пайдаланууга берилиши күтүлсө, 2 обьект кийинки жылга өткөрүлөт.
Райондун аймагындагы ар түрдүү эл аралык уюмдардын жана фонддордун эсебинен курулуп жаткан имараттардын сметалык баасы 3 млн 193 мин сомду түзсө, 2017-жылдын 9 айында 2 млн 193 мин сом акча каражаты жумшалды. Анын эсебинен 3 имарат жыл аягына чейин пайдаланууга берилет
Ноокат районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин 2017-жылдын атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу иш мерчемине 1 да обьект кирген эмес.
Тамчылатып суугаруу. Тамчылатып сугаруу боюнча “Найман” орто мектебинин 0,20 га жер аянтында тамчылатып суугаруу боюнча жумуш аткарылган.
Андан сырткары Найман айылында сугат суу жок болгондуктан,айыл жашоочулары бир аз болсо жер аянтына тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууну колго алышууда.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, тамчылатып сугаруу боюнча кээ бир айыл өкмөттөрдө иш алып барылбай жатат. Бул ыкманы баардык айыл аймактардагы кайракы жерлерге жайылтуу зарыл.
Күнөскана. Найман айылында бир үй- бүлөдө 0,01 га жер аянтына күнөскана куруп иш жүргүзүүдө.
Дыйкандарга окутуу, кенеш берүү багытында тынымсыз жүргүзүлгөн иш чаранын негизинде быйылкы жылы күнөскана кургандар 2 тарап 0,04 га, жалпысы 3 тарап 0,05 га жер аянтына күнөскана куруп иш алып барышууда.
Банк тарабынан айыл чарба тармагына алынган Насыялар.
2017-жылдын 1-октябрына карата мамлекет тарабынан берилип жаткан насыядан айыл аймагындагы дыйкан фермерлер жалпысы болуп 900,0 мин сом алышкан. Анын ичинен баары мал чарбасына берилген. Алган адамдар 8 киши.
Малдарды идентификациялоо боюнча: Кыргыз Республикасынын 3 району пилоттук район катары тандалып алынып бүгүнкү күндө каттоо жүрүп жатат. Ал эми Ноокат районунунда 35261 субьект жана обьект каттоодон өткөрүлдү. Учурда иштер улантылууда.
Жолдорду ондоо жана көчөлөрдүн абалын жакшыртуу боюнча 2017-жылдын 20-октябрына карата Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылына шагал төшөөгө жумшалды. Шагыл төшөө боюнча 8 км жолго 80,0 мин сом жумуш аткарылды.
Социалдык чөйрө. Билим берүү. 2017-2018-окуу жылынын башында айыл аймакта жалпы 456 окуучу билим тарбия алышууда. 2 мектептин ичинен 1 жалпы билим берүүчү, 1 толук эмес орто билим берүүчү мектептер. Мындан тышкары музыкалык мектеби иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде билим берүү тармагын өнүктүрүү багытында мамлекеттик иш чараларды жетекчиликке алуу менен жалпы билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо багытында бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда.
Жалпы билим берүүчү мектептерде 1 райондук, 1 аймактык жана балдар бакчаларында семинарлар уюштурулду. Атап айтканда быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылында” окуучуларды ыймандуулукка тарбиялоо максатында ар кандай тегерек стол, диспуттар жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.
Китеп менен камсыздоо 88 пайыз. 2017-жылдын 1-январынан ушул күнгө чейин 47371,5 сомдук 494 даана 22 аталыштагы окуу китептери алынды.
Компьютер менен камсыздоо 95,4 пайыз, 1 интерактивдүү доска аркылуу окутуунун жаӊыланган технологияларын сабактарда ийгиликтүү колдонууда.
“Улуу Тоо” толук эмес орто мектеби Кыргыз Республикасынын үлүштүк дем берүүчү гранттан капиталдык ремонттон үткүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Социалдык өнүгүү тармагы. Найман айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 9 ай ичинде балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөк пул 52 үй –бүлөөгө дайындалган. Бул көрсөткүч жалпы кожолуктарга салыштырганда 13 пайызды түзөт. Дайындалган жөлөк пулдун бир айлык керектелүүчү суммасы миӊ сом. 2016-жылдын 9 айына 48 үй-бүлөөгө жөлөк пул дайындалган болсо, даректүү алуусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргөн соӊ, 2017-жылдын 9 айына бул көрсөткүч 45 жөлөк пул алуучуга кыскарган.
2017-жылдын 9 айына карата район боюнча 311 үй-бүлөөгө социалдык паспорттор толтурулган, бул көрсөткүч жалпы кожолуктун 80 пайызын түзөт. Айыл аймак боюнча 10 жалгыз бой кары картаӊ, ден –соолугунан мүмкүнчүлдүгү чектелүү адамдарга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан 10 миӊ сомдук акчалай жардамдар берилди.
2017-жылдын 1-октябрына карата 1 ден –соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү атуулдар арыз менен кайрылып, анын ичинен 1 чоӊ коляска берилди. 1-июнь балдарды коргоо күнү уюштурулуп, 2 тоголок жетим балдарга баалуу сыйлыктар, концерттик программалар тартууланды.
Спорт тармагы. Айыл аймагында дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн айрыкча четки айылдарда дене-тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө шарттарды түзүп, айыл жаштарын спорт менен машыктыруу, спорттук секцияларын уюштуруу боюнча атайын иш-чаралар түзүлгөн. Анын негизинде айыл аймакта калктын ден-соолугун чыӊдоо, жаштарды жаман терс көрүнүштөрдөн алыстатуу, диний экстремизмдин алдын алуу, улуттар аралык ынтымакты чыӊдоо максатында бир топ иштер аткарылып областтык жана республикалык деӊгээлдердеги спорттук мелдештерде ийгиликтер жаралууда.
2017-жылдын 9 айына карата спорттун 4 түрүнөн 15 жолу иш чаралар өткөрүлүп, 40 команда, 256 эркектер жана 156 кыз-келиндер катышты.
Туризм. Найман айыл аймагында туризм чөйрөсүн өнүктүрүү максатында тазалык маселеси колго алынып таштандыларды өз убагында чыгарылып, тратуарлар ачылууда. Айылдагы эс алуу багы тазаланды.
Найман суу сактагычынын айланасындагы эс алуу жайларын кайрадан калыбына келтирүү максатында 2 млн. 100 миӊ сомдук долбоолор даярдалып инвесторлорго жана ООН женшины коомдук уюмуна жиберилди.
Балык өстүрүүчү көлмөлөрдү уюштуруп, алдына эс алуу жайларын курууга эки жеке ишкерге 2 га жана 7 га жер аянты келишимдин негизинде Найман айыл өкмөтү тарабынан ажыратылып берилди.
Дин иштери. Айыл аймагындагы бардык аппарат кызматкерлери, айылдык кеӊештин депутаттары, мектеп директорлору жана айыл имамы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” № 203 Жарлыгынын аткарылышы боюнча иш пландарды түзүшүп, иш аракеттерди күчөтүүдө.
2017-жыл ичинде “Улуу Тоо”жана “Найман” орто мектептеринин жогорку класстарынын ортосунда диний эктремизмге каршы ошондой эле улуттар ортосундагы ынтымактуулукту күчөтүү максатында, атайын иш- чаралар өткөзүлдү.
Саламаттык сактоо тармагы. Аймактык УБДТ № 18 врач жок, 2 орто медициналык , 2 кенже медкызматкерлер эмгектенишет. №18 УБДТда врач, акушер-гинеколог жетишпейт.
Ичеги карын, ич келте ооруларынын алдын алуу боюнча ич-өткөк оорусунун катталуу абалы, 2017-жылдын 9 айында былтыркы жылкыга караганда бир аз төмөндөгөнү байкалды. Мисалга: аныкталган козгогучтар аркылуу пайда болган энтериттер, колиттер ---болсо, былтыркы жылга салыштырмалуу –-- оорулууга төмөндөгөн.
Жалпысынан ич-өткөк оорусу менен жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин – оору катталган. Былтыркы жылы -- оору катталган, -- ооруга томондогон.
Сарык оорусу: Сарык оорусу менен 2017-жылдын 9 ай ичинде --оорулуу, 14 жашка чейинкилер--- катталды, анын ичинен гепатиттин «В» менен 16(5,9) учур катталган, ал эми “С” туру менен ооруганы 3 учур. Ал эми 2016-жылда – 1262 (103.0) адам ооруган, 14 жашка чейинкилер-244 (29,6), анын ичинен «В” түрү-5 «С» түрү менен катталганы жок. Сарык оорусунун “А”туру быйылкы жылдын 6 айында 33 учурга өскөндүгү байкалды..
Найман айыл аймагында кургак учук оорусун алдын алуу иш чаралары тузулгөн комплекстуу иш-пландын незинде жургузулуудо; азыркы кунго каталуу абалы; 2017-жылдын 9 айында -- оорулу, өткөн жылы бул көрсөткүч 9 айына -- адам катталган. Жалпы салыштырмалуу быйылкы 2017-жылдын 9 айында -- учурга төмөндөгөн.
Найман айыл аймагында калк арасында кургак учук оорусун алдын алуу боюнча иш-чаралар күчөтүлүп, 9 айына карата --- адам текшерүүдөн өткөрүлдү.
2017-жылдын 9 айында аймакта ВИЧ-СПИД оорусу менен ооруган адамдардын саны 1 бойдон калууда.
Маданият боюнча: 2017-жыл – “Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата атайын иш-чаралар түзүлүп, айылдык маданият үйүдө аткарууга алынууда. Айыл аймагында жашаган ар улуттун элдеринин ынтымагын, биримдигин чындоо максатында 21-февраль эне тил күнүнө карата маданият үйүндө өзбек жана орус улутунун өкүлдөрүнүн мамлекеттик тил аркылуу өз эне тилин даназалаган «Эне тил» кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул иш-чарада көркөм окуулар, ыр-бийлер көрсөтүлдү.
21-март «Нооруз» элдик майрамына карата айыл аймагындагы маданият үйүндө айылдык денгээлде майрам уюштурулду. Майрамга карата мекеме- ишканалар арасында «Улуттук тамак -аш» кароо-сынагы көчөлөр арасында улуттук оюндардын мелдеши уюштурулду.
9-май Улуу Жеништин 72 жылдыгына карата айыл аймакта майрамдык салтанат өткөрүлдү. Анда айылдык маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү.
21-май Энелер күнүнө карата райондук майрамдык салтанат «Сахаба» багында уюштурулуп, анда Найман айыл аймагынан 20 энеге сый тамак берилип жана айылдык маданият үйлөрүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.
1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык сценарий түзүлүп, маданият үйүнүн жана балдар музыкалык мектептин күчү менен даярдалган «Бактылуу балалыгым» аттуу концерттик программа тартууланды. Ошондой эле,Найман айыл үкмүтү тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Айылдагы жеке ишкер тарабынан “Найман” балдап бакчасындагы бардык балдарга акысыз балмуздактар берилди.
31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата айылдык маданият үйүнүн алдындагы майрамдык салтанаттар өтүүчү аянтта, Эгемендүүлүк күнү белгиленди, ар кандай сынактар өткөрүлүп, мектеп окуучуларына мелдештер уюштурулду.
Ушуну менен менин докладым аяктады, көӊүл бурганыӊыздар үчүн рахмат!
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаева