Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-ноябры № VI-3
Найман айыл өкмөтүндөгү салык жана жыйымдар боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрымдарын колдонууга киргизүү жана айыл өкмөтүнөн таштандыларды ташып чыгаруу үчүн салыктын суммасын көтөрүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндөгү таштандыларды ташып чыгаруу жылдан жылга оорлошуп, таштандынын көп чыгып жаткандыгына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 230 Мыйзамынын 12-1, 12-2 беренелеринин негизинде,ар бир кожолуктан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн салыктын суммасын карап жана талкуулап, Найман айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл аймагындагы кожолуктардан таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салыгы 100 (жүз сом) болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Найман айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адисине жана финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |