Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № VII-2
Найман айыл аймагынын 2018-2022- жылдарга карата социалдык–экономикалык өнүгүү стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана Найман айыл өкмөтүнүн жарыяланган жылына карата түзүлгөн иш пландарынын негизинде толуктоо жана өзгөртүүлөр менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планын бекитүү боюнча айылдык кенештин кезектеги VII сессиясында угузулду жана кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл аймагынын 2018-2022-жылга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Бекитилген токтом мыйзамдын негизинде аткарылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |