Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № VII-4
Найман айылдык кенешинин 2015-жылдын 6-октябрындагы сессиясынын № 24-2,24-3, 24-4, 24-5 “Аман- Ата” ЖЧК сына айыл чарбасына ынгайсыз болгон жер аянттарына берилген токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жана кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3- статьясынын жана Кыргыз Мамлекттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту “Кыргызмамжердолбоор” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 01-8-5-05-01-109 катынын негизинде, “Аман-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомго Найман айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына ынгайсыз болгон 34,58 га жер аянтын кайрадан карап чыгып, геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө, бак кылып өздөштүрүүгө,дробилка, РБУ, ЖБИ жана башка курулуштарды куруу, ошондой эле экологиясын сактоо максатында карап-кооруу үчүн убактылуу иштетүүгө ижарага берүү максатында Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айылдык кенешинин 2015-жылдын 6-октябрындагы сессиясынын № 24-2,24-3, 24-4, 24-5 “Аман- Ата” ЖЧК сына айыл чарбасына ынгайсыз болгон жер аянттарына берилген токтомдоруна өзгөртүү киргизилсин жана жер аянты кайрадан бөлүштүрүлсүн.
2. «Аман-Ата» жоопкерчилиги чектелген коомго Найман айыл аймагынын батыш тарабындагы айыл чарбасына ынгайсыз болгон 34,53 га жер аянтынын ичинен, 8,4 га жер аянтына геологиялык чагындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук, 6,0 га жер аянты бак кылып өздөштүрүү үчүн, 0,53 га жер аянты дробилка, РБУ ж.б курулуштар, 3,47 га ЖБИ жана башка техникалык курулуштарды курууга, 16,13 га жер аянтынын экологиясын сактоо максатында карап-кооруу үчүн убактылуу ижарага иштетүүгө сунуш берилсин.
3. Берилген жер аянтына керектүү документерин даярдап, ижарага келишим түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Эрматов |
Найман айылдык кеӊешинин кезектеги ( V чакырылышынын) XXIV заседаниесинин
ТОКТОМУ № XXIV-2
Найман айылы 06.10.2015-жыл
Найман айылы 06.10.2015-жыл ОсОО “Аман Ата”кичи ишканасына Найман айыл аймагынын батыш тарабынан суу латок,столба,плита чыгаруучу ЖБИ завод куруу үчүн жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
ОсОО “Аман Ата” ишканасынын Найман айыл аймагынын батыш тарабынан 20 жылдык ижарага 8,4 га жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,27,28,28-1 статьяларына таянып, Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айылынын батыш тарабынан айыл чарбасына ыӊгайсыз болгон, таштак жерден суу латок,столба,плита чыгаруучу ЖБИ завод үчүн 8,4 га жер аянты 20 жылдык мөөнөткө пайдаланууга ижарага ажыратылып берилсин.
2. Суу латок,столба,плита чыгаруучу ЖБИ заводду куруу боюнча ижара келишимин түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ижара келишимине негиз жерге болгон укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кенешинин төрагасы Ш.Эрматов
Найман айылдык кеӊешинин кезектеги ( V чакырылышынын) XXIV заседаниесинин
ТОКТОМУ № XXIV-3
Найман айылы 06.10.2015-жыл
ОсОО “Аман Ата”кичи ишканасына Найман айыл аймагынын батыш тарабынан цемент чыгаруучу завод куруу үчүн жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
ОсОО “Аман Ата” ишканасынын Найман айыл аймагынын батыш тарабынан 20 жылдык ижарага 8,0 га жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,27,28,28-1 статьяларына таянып, Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айылынын батыш тарабынан айыл чарбасына ыӊгайсыз болгон, таштак жерден цемент чыгаруучу завод куруу үчүн 8,0 га жер аянты 20 жылдык мөөнөткө пайдаланууга ижарага ажыратылып берилсин.
2. Цемент чыгаруучу заводду куруу боюнча ижара келишимин түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ижара келишимине негиз жерге болгон укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кенешинин төрагасы Ш.Эрматов
Найман айылдык кеӊешинин кезектеги ( V чакырылышынын) XXIV заседаниесинин
ТОКТОМУ № XXIV-4
Найман айылы 06.10.2015-жыл
ОсОО “Аман Ата”кичи ишканасына Найман айыл аймагынын батыш тарабынан тротуарга төшөлүүчү брусчатка жана пескоблок чыгаруучу завод куруу үчүн жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
ОсОО “Аман Ата” ишканасынын Найман айыл аймагынын батыш тарабынан 20 жылдык ижарага 10,13 га жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,27,28,28-1 статьяларына таянып, Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айылынын батыш тарабындагы сайдын ичиндеги айыл чарбасына ыӊгайсыз болгон, таштак жерден тротуарга төшөлүүчү брусчатка жана пескоблок чыгаруучу завод үчүн 10,13 га жер аянты 20 жылдык мөөнөткө пайдаланууга ижарага ажыратылып берилсин.
2. Тротуарга төшөлүүчү брусчатка жана пескоблок чыгаруучу заводду куруу боюнча ижара келишимин түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ижара келишимине негиз жерге болгон укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кенешинин төрагасы Ш.Эрматов
Найман айылдык кеӊешинин кезектеги ( V чакырылышынын)XXIV заседаниесинин
ТОКТОМУ № XXIV-5
Найман айылы 06.10.2015-жыл
ОсОО “Аман Ата”кичи ишканасына Найман айыл аймагынын батыш тарабынан асфальт чыгаруучу завод куруу үчүн жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
ОсОО “Аман Ата” ишканасынын Найман айыл аймагынын батыш тарабынан 20 жылдык ижарага 8,0 га жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,27,28,28-1 статьяларына таянып, Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айылынын батыш тарабынан айыл чарбасына ыӊгайсыз болгон, таштак жерден асфальт чыгаруучу завод куруу үчүн 8,0 га жер аянты 20 жылдык мөөнөткө пайдаланууга ижарага ажыратылып берилсин.
2. Асфальт чыгаруучу заводду куруу боюнча ижара келишимин түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.