Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № VII-5
Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы «Найман» балдар бакчасынын имаратынын эшик, терезелерин жана тосмолорун үлүштүк дем берүүчү гранттардын жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана «Найман» балдар бакчасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп, талкуулап Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы «Найман» балдар бакчасынын имаратынын эшик, терезелерин жана тосмолорун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү грантан бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.
2. Бала бакчанын имаратынын эшик, терезелерин жана тосмолорун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен 419 500 (төрт жүз он тогуз мин беш жүз) сом жана элдик салым 9000 (тогуз мин) сом, жалпы 428 500 (төрт жүз жыйырма сегиз мин беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы –экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |