Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № VII-6
Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы «Найман» балдар бакчасына долбоордун жардамында жылытуу системасын жана кательный курууга өздүк салым ажыратуу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана «Найман» балдар бакчасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп, талкуулап Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы «Найман» балдар бакчасынын жылытуу системасын жана кательный куруу үчүн долбоордон бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.
2. «Найман» балдар бакчасынын жылытуу системасын жана кательный куруу үчүн долбоордон бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 000 ( эки жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы–экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.
Төрага | М. Атабаев |