Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 6/1
Б.Абжапаров атындагы орто мектебиндеги билим берүү аткарылышы жана Алай аймактык ооруканасынын Сопу-Коргондогу филиалындагы аткарылган иштер жөнүндө
Билим берүү жана саламаттыкты сактоо,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К Шадыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кенешинин чакырылышынын кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Б.Абжапаров атындагы орто мектепте билим берүү мыйзамынын аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык экени белгиленсин.
2. Окуучулардын билим сапатын көтөрүү жагы мектеп администрациясына милдеттендирилсин.
3. Мектептин чарбалык иштер боюнча орун басары Ө.Исакуловка чарбалык иштерди өз денгээлинде аткаруу жагы эскертилсин.
4. Алай аймактык ооруканасынын Сопу-Коргондогу филиалында аткарылып жаткан иштер канааттандырарлык экени белгиленсин.
5. Бөлүнгөн дары дармектерди толук алып,оорулууларды камсыз кылуу жагы улуу мээрбан эже Баатырова Бактыгүлга милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчы Кеңеш уулу Бектурсунга милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү жана саламаттыкты сактоо,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Шадыбековга жүктөлсүн.
Төрага | М. Атабаев |