Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 6/3
«Алай Барстары» жоопкерчилиги чектелген коомунун К.Белекбаев атындагы алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы-Чаты участкасынан 0,60 га жерге микро ГЭС куруу боюнча өтүнүчүн кароо жөнүндө
«Алай Барстары» жоопкерчилиги чектелген коомунун К.Белекбаев атындагы алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы-Чаты участкасынан 0,60 га жерге микро ГЭС куруу боюнча өтүнүчүн кароо максатында К.Белекбаев атындагы алай айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги отуруму.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2015-жылдын 17-апрелиндеги №85- мыйзамынын редакциясынын 18-беренесинин 15-пунктуна ылайык, жер пайдалануу эрежелерин белгилеп, жана айыл өкмөт шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин, эрежелерин сактоону камсыздап, жогорудагы жоопкерчилиги чектелген коомго сураган жер аянтын убактылуу 49 жылга бөлүп берсин.
2.Ушул токтомду аткаруу жагы жер пайдалануу боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөттүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткарылышынын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана инвестицияларды тартуу, салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Маташовга жүктөлсүн.
Төрага | М. Атабаев |