Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 6/4
Сопу-Коргон айылындагы клубка эмгек ардагери маркум С.Шариповдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Сопу-коргон айылындагы клубка эмгек ардагери маркум С.Шариповдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамына ылайык, ошондой эле Сопу-Коргон айылынын 16-март 2017-жылдагы элдик жыйынынын №1-протоколунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин чакырылышынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сопу-Коргон айылындагы клубка эмгек ардагери маркум С.Шариповдун ысымы ыйгарылсын
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айылдык кеңештин жаштар иштери миграция спорт жана маданий-массалык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Карыбековко жүктөлсүн.
3.Токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | М. Атабаев |