Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 8/3
Чий Талаа айылынын тургуну Шанаев Нурландын арызын кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл кенешинин кезектеги отуруму Чий Талаа айылынын тургуну Шанаев Нурландын арызын карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 34-статьясынын 2 -пунктундагы талаптарды кайрылуучу аткарсын.
2. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 34-статьясынын 3-пунктуна ылайык Шанаев Нурландын арызы үч ай аралыгында каралып жана негиздүү түрдө чечилери белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-статьясынын 2-пунктуна ылайык ушул токтомдун 1/ 2 пунктарын аткаргандан кийин сураган жер участкасы Шанаев Нурланга берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А Борошовко жүктөлсүн.
5 .Тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Кенеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн
Төрага | М. Атабаев |