Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 8/4
Чий-Талаа айылынын тургуну Баатырова Назгүлдүн арызын кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин кезектеги отуруму Чий-Талаа айылынын тургуну Баатырова Назгүлдүн арызын кароо жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 37-статьясынын 1-пунктуна ылайык маркум Баатыров Абдымаликке тиешелүү өздөштүрүү үчүн алган жерин анын кызы Баатырова Назгүл Абдымаликовнага пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилсин.
2. Баатыров Назгүл Абдымаликовнага жерди пайдалануу үчүн берилүүчү юридикалык тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Борошовко жүктөлсүн
Төрага | М. Атабаев |