Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 8/5
Таргалак айылынын тургуну Солпуев Алым Аблазовичтин арызын кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин кезектеги отуруму Таргалак айылынын тургуну Солпуев Алым Аблазовичтин арызын карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 34-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды арыздануучу аткарсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 34-статьясынын 3-пунктуна ылайык Солпуев Алым Аблазовичтин арызы үч ай аралыгында каралып, негиздүү түрдө чечилери белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-статьясынын 2-пунктуна ылайык ушул токтомдун 1 ,2-пунктарын аткаргандан кийин, суралган жер тилкеси Солпуев Алым Аблазовичке берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Борошовко жүктөлсүн.
5. Тиешелүү документтерди даярдап берүү жайы айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга ташырылсын.
Төрага | M. Атабаев |