Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 9/1
Сопу-Коргон айылынын тургуну Саматова Рапияга таандык эски гараждагы 0,2га жерин айыл өкмөткө спорт зал куруу үчүн сатып алуу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кенеши жогорудагы маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сопу-Коргон айылынын тургун Саматова Рапияга таандык эски гараждагы 0,2га жертилкесин айыл өкмөткө спорт зал куруу үчүн сатылып алынсын.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсун жогорудагы жер аянтын сатып алуу боюнча керектүү документтерди, мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык даярдасын.
3. Жерди сатып алуу үчүн айыл өкмөттүн башчысы атайын буйрук менен комиссия түзсүн.Комиссиянын курамында ФЭБ тин башчысы,жер жана турак жай боюнча адиси, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, статист - экономика боюнча адис,тазалык ишканасынын башчысы, салык кызматкери,жана бардык айыл башчылар киришсин.
4. Жерди сатып алуу боюнча жоопкерчилик К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Борошовга жүктөлсүн.
Төрага |
M. Атабаев |